“Zhong Ji Mining Company” ЖЧКсы Миӊ-Булак айыл өкмөтүнө социалдык пакет катары жыл сайын 50 млн. сом каражат берүүдө

“Zhong Ji Mining Company” ЖЧКсы Миӊ-Булак айыл өкмөтүнө социалдык пакет катары жыл сайын 50 млн. сом каражат берүүдө

2022-жылы өлкө башчысы Садыр Жапаровдун уруксаты менен “Бучук” алтын кенин иштетүү ишин жандандырган кыргыз-кытай биргелешкен “Zhong Ji Mining Company” ЖЧКсы жергиликтүү калк менен кызматташууда жаны ишмердикти баштады.

Тактап айтканда, Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешовдун компания жергиликтуу мамлекеттик органдар жана калк менен компаниянын ортосундагы кызматташтыкты айкалыштыра алды. Анын демилгеси менен кен иштеткен компания Мин-Булак айыл өкмөтүнүн өнүктүрүү фондуна  социалдык пакет катары курулуш жылдарында жыл сайын 50 млн. сом бөлүп турууга макул болуп, бул компания-айыл өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл Министрлиги менен 3 тараптуу Меморандум аркылуу ишке ашты.

Биз, 2022-жылдын 4 айы үчүн айыл өкмөткө которулган 50 млн. сомдун сарпталышы тууралуу маалымат менен бөлүшө кетели:

  1. Актан Тыныбеков атындагы орто мектебинин жылытуу системасын оӊдоого долбоорлоо-сметалык документтерин даярдоого 172 270 сом;
  2. Куйбышев айылындагы коомдук-алдын алуу борборунун курулушуна өздүк салым катары 1 420 000 сом;
  3. Теплица, кирпич чыгаруучу станок, пилорама алуу үчүн 1 160 000 сом;
  4. МТЗ 89,2 үлгүсүндөгү 2 даана жаӊы трактор алууга 6 228 800 сом;
  5. Куйбышев айылындагы маданият үйүнүн капиталдык ремонтуна өздүк салым 8 458 240 сом;
  6. НОВА үлгүсүндөгү 1 даана комбайн сатып алууга 10 416 000 сом;
  7. Куйбышев айылындагы таза суу системасынын башкы курулмасын тосууга 20 721 90 сом;
  8. Хундай 140 үлгүсүндөгү 1 даана эксковатор сатып алууга 14 070 000 сом;
  9. Чоӊ-Каракужур өрөөнүнө мектеп окуучуларын ташуу үчүн микроавтобус сатып алууга 1 750 000 сом;

“Миӊ-Булак айылынын өнүктүрүү фондусуна”  келип түшкөн каражат айыл элининин, айылдык кеӊештин сунуштарын эске алуу менен калктын көзөмөлүндө сарпталып жатат. Быйыл алынып келинген техникалар күздөгү оруп-жыйуу иштеринде айыл тургундары үчүн абдан чон кызмат кылууда.


  • Акыркы 2 жыл үчүн берилген 100 млн. сом социалдык пакеттин каражаттары кайда жумшалууда?
  • Министрлер кабиненитинин төрага орун басары Бакыт Төрөбаев Миӊ-Булак айылындагы муниципиалдык ишкана менен таанышты
  • Солтон-Сарыда алтын өндүрүүчү компания “Экология-жайлоодон башталат” аталышында тазалык акциясын өткөрдү
  • “Zhong Ji Mining Company” ЖЧКсы Миӊ-Булак айыл өкмөтүнө социалдык пакет катары жыл сайын 50 млн. сом каражат берүүдө
  • Жаӊылыктар архиви — »