Солтон-Сарыда алтын өндүрүүчү компания “Экология-жайлоодон башталат” аталышында тазалык акциясын өткөрдү

Солтон-Сарыда алтын өндүрүүчү компания “Экология-жайлоодон башталат” аталышында тазалык акциясын өткөрдү

5-июнь Бүткүл Дуйнөлүк Улуттар Уюму тарабынан Дуйнөлүк жаратылышты коргоо куну катары кабыл алынган. Дал ушул маанилүү күнгө карата карата Нарындагы Солтон-Сары кенинде иш алып барган Кыргыз-Кытай биргелешкен «Zhong Ji Mining company» ишканасы Сатыбалды Нааматов атындагы Нарын Нарын Мамлекеттик Университети менен бирге аталган жайлоодо тазалык акциясын өткөрдү.

IMG_4349

“2022-жылы Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров тарабынан Жаратылышты коргоо, экологияны сактоо багытында «Жашыл мурас» улуттук өнөктүгү кабыл алынып, 2 жылдан бери ал өлкө боюнча эӊ чоӊ экологиялык долбоор катары ишке ашырылууда. Биздин «Zhong Ji Mining company» компаниясы да “Таза технологиялар” ураанын алдында кен казуу өндүрүшүндө иш алып барып, экологиялык коопсуздукту, жаратылышты оз калыбында сактоону алдынкы планга коебуз. Олко башчысынын бул багыттагы чакырыктарына салым кошуп, Нарын Мамлекеттик Университетинин жетекчилиги менен менен бирге бугунку акция аркылуу биз жаратылышка, курчап турган айлана чойрого кайдыгер карабай тургандыгыбызды, экологияны коргоо негизги приоритет экенин билдирип, Солтон-Сары жайлоосундагы жергиликтуу жашоочуларды да тазалыкка чакырабыз”,-деп айтылат компаниянын маалыматында.

“Биздин Сатыбалды Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети менен Кыргыз-Кытай биргелешкен «Zhong Ji Mining company» ишканасы быйылкы 2023-жылдан тарта өз ара кызматташууну ишке ашырып жатабыз. Анткени, компания учурда Нарын облусундагы эн ири инвестициялык компания гана болбостон, облустагы тоо кен ондурушун жандандырган, алтын ондурууго жаӊы экологиялык таза технологияларды киргизуу планы бар ишкана катары саналууда. Биздин окуу жайдын ректору Эрмек Байбагышов учурда бул компания менен кызматташып, экологдорду, энергетиктерди, агрардык тармактагы адистерди камсыздап беруу боюнча суйлошуулорду жургузуп жатканын маалымдаган.  Бугун биргелешип жаратылышты коргоо, жайлоолорубузду таштандыдан таза кармоо акциясына жигердуу ишке ашырып жатабыз”,-дейт окуу жайдын кафедра башчысы Адилет Мамырбаев.

Акцияны Кыргыз-Кытай биргелешкен «Zhong Ji Mining company» ишканасынын Техникалык Коопсуздук боюнча болум башчы Мирлан Өскөнбаев жетектеп, 2 тоннага чукул таштандыны Солтон-Сары жайлоосунан таштанды полигонуна түшүрүп кетишти.

Аталган акцияга НМУнун “Экология жана жаратылышты пайдалануу” факультетинин 40тан ашык студенти жана окутуучулары катышып, Долон ашуусунун Кичи Кара-Кужур аркылуу Солтон-Сары жайлоосундагы “Бучук” участкасына га чейинки авто жолдун жээгиндеги айнек, желим, темир таштандыларды тазалашты.

 


  • Министрлер кабиненитинин төрага орун басары Бакыт Төрөбаев Миӊ-Булак айылындагы муниципиалдык ишкана менен таанышты
  • Солтон-Сарыда алтын өндүрүүчү компания “Экология-жайлоодон башталат” аталышында тазалык акциясын өткөрдү
  • “Zhong Ji Mining Company” ЖЧКсы Миӊ-Булак айыл өкмөтүнө социалдык пакет катары жыл сайын 50 млн. сом каражат берүүдө
  • «Бучук» долбоору-Нарын облусунун экономикасына чоӊ салым!
  • Жаӊылыктар архиви — »