Министрлер кабиненитинин төрага орун басары Бакыт Төрөбаев Миӊ-Булак айылындагы муниципиалдык ишкана менен таанышты
Бүгүн, 7-февралда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев иш сапары менен Нарын облусунда болду.
Иш сапарынын алкагында Б.Төрөбаев Нарын облусундагы пилоттук реформалардын негизинде жасалган жумуштардан кабар алды.
Нарын районунун Миң-Булак айылындагы тазалык ишканасынын атайын жана айыл чарба техникаларын көрдү. Ошондой эле жаңы ачылган мык, буроолорду чыгаруучу, чынжырча торлорду түйүүчү ишканалардын, унаа оӊдоочу станциянын ишмердүүлүгү менен таанышты.
Өз сөзүндө Бакыт Төрөбаев Нарында жайылта турган жакшы иштер колго алынып жаткандыгын белгилөө менен бирге айылга жыл сайын Кыргыз-Кытай биргелешкен «Zhong Ji Mining Company» ЖЧКсы тарабынан тсоциалдык пакет катары берилип жаткан 50 млн. сом өлчөмүндөгү каражаттын эффективдүү пайдаланышы керектигине токтолду.
Эске сала кетсек, Кыргыз-Кытай биргелешкен «Zhong Ji Mining Company» ЖЧКсы тарабынан 2022-жыл үчүн 50 млн. сом каражат социалдык пакет катары айылдын Өнүктүрүү Фондуна которулуп, элдин сунуштарынын негизинде МТЗ 89,2 улгусундогу 2 даана трактор алууга, НОВА улгусундогу 1 даана комбайн, Хундай 140 улгусундогу 1 даана экскватор сатылып алынган. Ошондой айылдагы мык чыгаруучу, зым торлорун түйүүчү ишканага, унаа оӊдоочу станциянын жылуулук системасына да фонддон каржы бөлүнүп берилген.