Акыркы 2 жыл үчүн берилген 100 млн. сом социалдык пакеттин каражаттары кайда жумшалууда?
Миӊ-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Өнүктүрүү Фондусуна келишимге ылайык Кыргыз-Кытай биргелешкен «Zhong Ji Mining company» ЖЧКсы жыл сайын 50 000 000 (50 млн) сом өлчөмүндө социалдык пакет катары каражат бөлүп берилет. Инвестициялык компания келишимди өз мөөнөтүндөаткарып, өткөн 2022-2023 жылдар үчүн социалдык пакет катары 100 млн. сом өлчөмүндөгү каражатты айылдын Өнүктүрүү Фондусуна төгүп берген. Биз бул каражаттан айылда кандай иштер жасалып жаткандыгы тууралуу Миӊ-Булак айыл өкмөтүнөн алынган маалыматтарды сиздердин таанышууӊуздарга коебуз:
2022-жылдагы социалдык пакеттен алынган айыл чарба техникалары 2023-жылдагы талаачылык иштериндеМиӊ-Булак айыл өкмөтүнөкараштуу айылдардын тургундарына кызмат кылып, күзгү оруп-жыйноо иштери өз убагында бүткөрүлдү. Ошол эле маалда айылдагы суу каналдары тазаланып, андан тышкары мектеп, айылдагы маданият уйү(клуб) капиталдык ремонттон өткөрүлсө, коомдук алдын-алуу борборунун(КААБ) имаратынын толук салынышына Фонддогу каражаттын жардамы тийди. Мындан тышкары Өрнөк айылндагы техникалык сервис, айылдагы мык чыгаруучу, зым токуучу цехтин ишке киришине да аталган каражаттар жумшалды