«Zhong Ji Mining company» ЖЧКсы — Эӊ башкысы-экологиялык коопсуздук!

«Zhong Ji Mining company» ЖЧКсы — Эӊ башкысы-экологиялык коопсуздук!

Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Нарын регионалдык башкармалыгы менен биргеликте Кыргыз-Кытай биргелешкен «Zhong Ji Mining company» ЖЧКсынын техникалык коопсуздук жана экология бөлүмүнүн адистери менен биргеликте айлана чөйрөгө мониторинг жүргүзүү боюнча иш план түзүлүп, ошонун негизинде Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин алдындагы Эколгиялык мониторинг департаменти менен айлана-чөйрөгө мониторинг жүргүзүү боюнча келишим түзүлгөн. Ошондой эле ал келишимде ар квартал сайын Солтон-Сары өрөөнүнүн “Бучук” тилкесинде топурактан, абадан үлгүлөр алынып, лабораторияга жөнөтүлүп турмакчы жана “Бучук” тилкесинде жайгашкан Ак-Таш, Бучук сууларынан да ай сайын үлгүлөр алынып текшерилип жатат.

Нарын регионалдык башкармалыгы жана компаниянын адистери иштеп чыккан иш-планда көзөмөл программалары  стандарттарга негизделип, төмөнкү тармактарды камтыйт:

Лабораториядан текшерилген үлгүлөрдүн жыйынтактары протоколдоштурулуп, тиешелүү көзөмөлдөөчү мамлекеттик органдарга, тиешелүү компаниянын бөлүмдөрүнө жана жергиликтүү калкка көрсөтүү максатында көчүрмүлөрүн берүүгө даяр.

2024-жылдын январь айынан май айына чейин Ак-Таш жана Бучук сууларынын тоӊуп турганына байланыштуу(эрибегенине байланыштуу), ушул жылдын июнь айынан тарта суу агып баштаары менен анализдер алынды экологиялык департамент тарабынан текшерилди.

Кыргыз-кытай  биргелешкен «Zhong Ji Mining company» Жоопкерчилиги чектелген коому мындан ары да экологияга дыкат көнүл бөлүү менен таза, заманбап технологияларды иштетүү үчүн чоӊ аракеттерин жумшамакчы. Ошондой эле Нарын районундагы бирден бир экологиялык жактан үлгүлүү ишканалардын бири болууга умтулуу менен биринчи кадамдарын таштады десек болот.

Мындан тышкары “Тазалык-Нарын” Жоопкерчилиги Чектелген Коому менен биргеликте катуу таштанды калдыктары (ТБО) жана курулуш калдыктарын (строительные отходы) келишимдин негизинде ар ай сайын «Бучук» тилкесинен ташылып кетүүдө. Аны менен катар саркынды суулар да (сточная вода) ошол эле «Тазалык-Нарын» ЖЧКсы аркылуу атайын техникалар менен ай сайын ал да септиктерден сорулуп ташылып андан ары тазалоого алынып кетүүдө.

Азыркы мезгилде «Бучук” тилкесинде курулуш иштери жүргүзүлүп, керектүү шаймандарды орнотуу иштери жүрүп жатат, ал эми тоо-кен иштеринде даярдоо-казуу иштери жүргүзүлүүдө.

Таза ичүүчү сууларды Нарын шаардык санитардык-эпидемиялык станциясы менен келишим түзүлүп ар квартал сайын бактериялык жана санитардык-игиеналык анализдер алынууда.

2024-жылы кардын кетиши менен май айында “Бучук” тилкесинин айланасы баардык каттуу таштанды калдыктарынан тазаланып ишембилик  иштери жүргүзүлдү.

Компания Президент Садыр Жапаровдун «Жашыл Мурас» экологиялык долбоорун колдоого алып, быйылкы 2024-жылы Нарын районун администрациясы менен биргеликте Нарын районун аймагына жана Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн Оттук айылынын аймагына 130 (кызыл карагай) ийне жалбырактуу жана 330 (мырза терек), 100 (кайыӊ) жалпысынан 545 көчөт отургузулду.

Быйылкы жылга жөнгө салуучу төлөм (нормативная плата) өз убагында төлөндү жана жер үстүндөгү агын сууларды өндүрүштүк муктаждыктарга (производственные нужды) колдонгону учун ар ай сайын тиешелүү төлөмөдөрү төлөнүүдө.

Атмосфералык абаны коргоо жана техникалардагы чыккан зыяндуу заттарды азайтуу максатында атайын зыяндуу газдарды өлчөөчү «Дымомер инфракар-Д1-03.02» үлгүсүндөгү газоанализатор сатылып алынды жана «Кыргызстандарттан» каттоодон өткөн соӊ ишке киришмекчи.

Айлана чөйрөнү жашылдандыруу максатында жана кийинки рекультивациялык иштерди жургүзүү максатында эксперименталдык иштерди компания колго алды.  Айта кетсек тоолуу аймактарга гана өсүүчү «Типчак», «Волоснец» жана «Пырей» аттуу өсүмдүктөрдүн уруктарын “Бучук” кен-аймагына эксперимент катары себүү иштери башталды.

 

 


  • «Zhong Ji Mining company» ЖЧКсы — Эӊ башкысы-экологиялык коопсуздук!
  • «Бучук» алтын кени жакында ишке кирет
  • Кыргыз-кытай биргелешкен “Zhong Ji Mining compani” ЖЧКсы “Жашыл мурас” өнөктүнө катышты
  • Акыркы 2 жыл үчүн берилген 100 млн. сом социалдык пакеттин каражаттары кайда жумшалууда?
  • Жаӊылыктар архиви — »