Нарындагы «Бучук» алтын кени сыноо эксперименталдык режимде ишке кирди

Нарындагы «Бучук» алтын кени сыноо эксперименталдык режимде ишке кирди

Нарын облусунун Солтон-Сары аймагындагы “Бучук” алтын кени эксперименталдык режимде ишке кирди. Иш чарага КРнын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов, Нарын районунун мамлекеттик администрация башчысы Нуридин Мадимаров баштаган облустук, райондук мамлекеттик структуралардын жетекчилери жана Кыргыз-Кытай биргелешкен «Zhong Ji Mining Company» ЖЧКсынын жумушчулары катышты. Кенди иштетүү укугун алган аталган компаниянын бул маанилүү иш-чарасына дүйнөдөгү алтын өндүрүү боюнча ири ишканалардын сап башында турган Кытай Эл Республикасынын “China Gold” компаниясынын президенти Ин Жан Бо, компаниянын стратегиялык жана инвестиция боюнча бөлүмүнүн башчысы Янг Шуай баштаган меймандар да катышты.

 

“Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, 2022-жылдын 27-июнунда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаров Солтон-Сарыдагы “Бучук” кенинде болуп, мамлекеттик органдар, инвесторлор жана жергиликтүү эл менен жолуккандан кийин Кыргыз-Кытай биргелешкен “Жонг Жи Майнинг” жоопкерчилиги чектелген коомунун кенди иштетүү ишмердүүлүгүн улантуусу боюнча чечим кабыл алган. Аталган компания менен жер кыртышын бузбастан алтын кенин иштетүүгө руксат берилип, жергиликтүү тургундар үчүн жыл сайын 50 миллион сомдон социалдык пакет төлөнө турганы макулдашылган.

2022-жылдын 22-августунан баштап мыйзамда каралган бардык талаптарды аткаруу менен курулуш иштерин баштоого уруксат берилген.  Компания курулуш жылдарында жалпысынан 12 миллиард сомдон ашык инвестиция салды.

Анын ичинде республикалык жана жергиликтүү бюджетке салык жана башка төлөмдөрдү төлөдү.  Ал эми Миң-Булак айыл өкмөтүнүн Өнүктүрүү фондуна соцпакет катары 150 миллион сомдон каражат түштү. Аны менен бир катар социалдык-инфраструктуралык долбоорлор ишке ашууда.

Эң негизгиси жумуш орундары түзүлүп, учурда компанияда 350дөн ашык адам эмгектенип жатат. Анын басымдуу көпчүлүгү жергиликтүү тургундар.  Комбинат ишке кирсе жумуш орундары мындан дагы көбөйөт. Биздин жергиликтүү адистер атайын кыска мөөнөттүү даярдоо курстарынан өтүштү.  Ачылып жаткан алтын комбинаты акжолтой болсун!”,-деди облус жетекчиси.

Андан ары сөз алган Кыргыз-Кытай биргелешкен «Zhong Ji Mining Company» ЖЧКсынын Генералдык дирокторунун милдетин аткаруучу Гао Цзан мырза компания “Бучук“ алтын кенин иштетүүдө Кыргыз Республикасынын баардык мыйзамдарын, укуктук милдеттер менен ченемдерди так сактоо менен, айрыкча, экологиялык коопсуздукту башкы орунга коюп, “Таза технологиялар менен табиятка аяр мамиле жасоо” ураанын карманаарын билдирди.

 

“Кытай-кыргыз мамлекеттер аралык мамилелерди жаӊы деӊгээлге чыгарып, эки элдин достугу менен ынтымагын арттырууда компания үлгү болобуз деген ниетте турабыз. Биз жергиликтүү калктын социалдык-экономикалык шарттарын жакшыртуу менен бирге облус, райондорду экономикалык жактан алдыга жылуусуна ниеттеш экенибизди, келишимдерге ылайык камкордугубузду аябай турганыбызды билдиребиз. “Бучук” кени эки элдин экономикалык бакубатчылыгына гана иштеши керек деген ойдобуз”,-деди ал.

 

Ачылыш аземинде белгилүү болгондой, эксперименталдык режимде ишке кирген “Бучук” долбоорундагы алтын өндүрүүчү фабриканы толук кандуу иштей баштагандан тартып, анын жылдык кубаттуулугу 600 000 тонна, алтындын жылдык өндүрүшү 1,8 тонна деп палндалууда.

Эске сала кетсек,  “Zhong Ji Mining Company” ЖЧКсы 2009-жылдын 9-февралында Солтон-Сары жайлоосундагы “Бучук” кенин иштетүү  боюнча № 2387 лицензиясына ээ болгон.

Бул компаниянын кен иштетүү ишмердигине укук берген мамлекеттик маанилүү документке ылайык лицензиялык аянттын көлөмү – 1500 гектар жер.

Ошону менен катар эле “Zhong Ji Mining Company” ЖЧКсы 2014-жылдын 4-февралында Солтон-Сары жайлоосундагы “Бучук“ участкасында балуу кен байлыктарды өндүрүү боюнча №3228 АЕ сандуу 2-лицензияны алган. Бул лицензия уруксат берген карьердин аянты- 28 гектар. Мамлекеттин балансына коюлган жалпы алтындын көлөмү 12 тонна, анын ичиненен карьердин контурунда 10 тонна 52 килограммды түзөт.


  • Нарындагы «Бучук» алтын кени сыноо эксперименталдык режимде ишке кирди
  • «Zhong Ji Mining company» ЖЧКсы — Эӊ башкысы-экологиялык коопсуздук!
  • «Бучук» алтын кени жакында ишке кирет
  • Кыргыз-кытай биргелешкен “Zhong Ji Mining compani” ЖЧКсы “Жашыл мурас” өнөктүнө катышты
  • Жаӊылыктар архиви — »