Кыргыз-кытай биргелешкен “Zhong Ji Mining compani” ЖЧКсы “Жашыл мурас” өнөктүнө катышты

Кыргыз-кытай биргелешкен “Zhong Ji Mining compani” ЖЧКсы “Жашыл мурас” өнөктүнө катышты

2024-жылдын 27- апрелде Нарын районунда жашылдандыруу акциясы өтүп, ага Нарындагы ири инвестициялык компания катары саналган Кыргыз-кытай биргелешкен “Zhong Ji Mining compani” ЖЧКсы да катышты.
“Биз Президент Садыр Жапаровдун курчап турган эко-системаны коргоо, калыбына келтирүү максатында демилгелеген “Жашыл мурас” өнөктүгүн туруктуу колдоого алабыз. Андыктан компания ишмердик жүргүзгөн Нарын райондук администрациясы, Миң-Булак айыл өкмөтү менен биргеликте бүгүн ийне жана жазы жалбырактуу көчөттөрдү Улуу Жибек жолунун боюна тигип жатабыз. “Бучук” алтын кенин иштетүүнү максат кылган биздин компаниянын урааны да “Таза технологиялар!” деп аталып, биз биринчи кезекте экологияны өз калыбында сактоону, химиялык зыяндуу заттарды өндүрүшкө пайдаланбоону
максат кылып келебиз. Өткөн жылы да биз Нарын Мамлекеттик университетин менен бирге Солтон-Сары жайлоосундагы автожолдун жээгин тазалап, жайлоону 10 тоннага чукул таштандыдан арылтканбыз”,- деди инвестициялык компаниянын генералдык директору Сюй Говей.


Ал эми Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Нуридин Султанов райондо тазалык жана жашылдандыруу иштери кызуу жүрүп жатканын билдирди.
“Өлкө башчысы Садыр Нургожоевич Бириккен Улуттар Уюмунун трибунасында дүйнө калкына экологияны сактоо, калыбына келтирүү, жашыл экономикага өтүү чакырыктарын жасап, Кыргызстанда “Жашыл мурас” экологиялык өнөктүгүн баштаганын билесиңер. Мына ошол өнөктүктү кызуу колдоого алып, облус жетекчилиги “Бир адамдан-бир көчөт” долбоорун баштаганбыз. Биздин Нврын району быйылкы жылы жалпысынан 54 000 ийне жана жазы жалбырактуу көчөттөрдү отургузабыз. Баардык айыл өкмөттөр, мекеме-ишканаларга тапшырма берилген, жашылдандыруу өнөктүгү азыр кызуу жүрүп жатат. Бүгүн болсо бизди колдоого алып Кыргыз-кытай биргелешкен “Zhong Ji Mining compani” компаниясы жалпысынан 535 көчөт отургузуп жатышат. Компания Нарын районундагы эң ири инвестор. Жыл сайын районубуздагы Миң-Булак айыл өкмөтүнө 50 миллион сом өлчөмүндө соцпакет катары каражат берип, дотациядан чыгарды. Компаниянын түз инвестициясы, курулуш материалдарын, азык түлүк сатып алууларга, жумушчу орундарын толтуруу, салык жана башка төлөмдөрү аркылуу Нарын району облуста биринчи орунга чыктык. Өндүрүш ишин баштаса мындан да жакшы жыйынтыктар болот”,-дейт район акими.


Эске сала кетсек, аталган компания КРнын Президенти Садыр Жапаровдун уруксаты менен 2022-жылдын августь айынан тарта Солтон-Сары жайлоосундагы “Бучук” алтын кенинде курулуш иштерин баштаган. Өндүрүш быйылкы 2024-жылдын ичинде ишке киришээри күтүлүүдө


  • «Zhong Ji Mining company» ЖЧКсы — Эӊ башкысы-экологиялык коопсуздук!
  • «Бучук» алтын кени жакында ишке кирет
  • Кыргыз-кытай биргелешкен “Zhong Ji Mining compani” ЖЧКсы “Жашыл мурас” өнөктүнө катышты
  • Акыркы 2 жыл үчүн берилген 100 млн. сом социалдык пакеттин каражаттары кайда жумшалууда?
  • Жаӊылыктар архиви — »