«Бучук» долбоору-Нарын облусунун экономикасына чоӊ салым!
2022-жылдын 27-июнунда Кыргыз Республикасынын Президенти Жапаров Садыр Нургожоевич Солтон-Сарыдагы “Бучук” кенинде болуп, мамлекеттик органдар, инвесторлор жана жергиликтүү эл менен жолугушкан соӊ, Кыргыз-Кытай биргелешкен «Zhong Ji Mining Company» Жоопкерчилиги Чектелген Коомунун кенди иштетүү ишмердигин улантуу боюнча чечим кабыл алган. Муну өлкө башчысынын маалымат катчысы Эрбол Султанбаев 2022-жылдын 18-августунда расмий түрдө маалымдап:
“Президент Жапаров ушул жылдын июнь айында Солтон-Сары алтын кенине барып, ал жерди өз көзү менен көрүп, абал менен жакындан таанышып келген. Жергиликтүү эл менен жолуккан. Элдин: «Жол салып атышат, жаратылышыбыз талкаланат», — деген үнүн уккан. Бирок өзүңүздөр билгендей, жолдор эчак эле салынып бүтүп, фабрика салуу иштери жарымдап калган. Жер кыртышын бузуу боюнча башка иштер болбой турганы аныкталган. Ошондуктан, мындан ары башка жерден жер кыртышын бузбастан, Солтон-Сары кенин иштетүүгө уруксат берилди. Ошол эле маалда компания тараптан жергиликтүү жашоочулар үчүн, азырынча, жыл сайын 50 миллион сом өлчөмүндө социалдык пакет төлөнө турган болду. Алтын чыга баштаганда бул сумма эселеп көбөйтүлөт деп макулдашылды. Андан тышкары, мамлекеттин үлүшү дагы киргизилмей болду. Кенди иштетүүдө заманбап технология колдонулат, жаратылышка зыяндуулугу болбойт. Алтын Кара-Балтада аффинаждалат”,-деп билдирген.
Ошону менен 2022-жылдын 22-августунда Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов облустун активдери, кен иштетүү тармагына тиешеси бар мамлекеттик органдардын, күч түзүмдөрүнүн, тартип органдарынын жетекчилери менен биргеликте Солтон-Сары жайлоосундагы “Бучук” кен жайында болуп, «Zhong Ji Mining Company» ЖЧКсынын жетекчилигине мыйзамда каралган баардык талаптарды аткаруу менен кенди иштетүүгөкарата курулуш иштерин баштоого уруксат берген. Бул иш-чарага Миӊ-Булак айыл өкмөтүнө карашатуу айылдардын тургундары катышып, курулуш жанданган.
Бүгүн биз Солтон-Сарыдагы “Бучук” долбоорун ишке ашырып жаткан Кыргыз-кытай биргелешкен «Zhong Ji Mining Company» («Чжун Дьжи Майнин компани») Жоопкерчилиги Чектелген Коомунун 2023-жылдын 9 айына карата жасап жаткан иштери тууралуу чакан тасма менен тааныштырабыз