«Бучук» алтын кени жакында ишке кирет
Кыргыз-кытай биргелешкен «Zhong ji Mining company» Жоопкерчилиги Чектелген Коому 2024-жылдын III кварталында Солтон-Сары аймагындагы «Бучук» алтын кенин ишке киргизет. Ушул тапта курулуш иштери дээрлик жыйынтыкталууда.
Ушул тапта кен жайда бир канча обьектилерде толук кандуу курулуш иштери жүрүп жатат. Алсак, карьерди даярдоо жана калдык сактоочу жайдын курулуш иштери болжол менен 95 пайызга бүтүрүлдү.
2024-жылдын июнь айынын аягына чейинки пландалган иштерден, байытуучу фабриканын имаратынын ички курулуштары, жабдыктардын алдына төшөлүүчү жер пайынын курулушу 90 пайыз аягына чыкты, жабдыктарды монтаждоо 80 %га аткарылса, толук жыйынтыктоо июль айынын аягына чейин болот.
110 кВ электр линиясынын куруу жана монтаждоо иштери аяктады, электр бөлүштүрүүчү станция менен Подстанциянын курулушу 95%га аяктап, калган жогорку чыӊалуудагы электр менен камсыздоо жумуштары толугу менен 30-июлга деп пландалууда.
Негизинен долбоор боюнча жарак-жабдыктарды жеке сыноо 2024-жылдын июнь-июль айларында жүргүзүлүп, ал эми негизи курулуш иштерин толук жыйынтыкталат жана комплекстүү сыноого 2024-жылдын июль айынын аягы, августь айынын башында берилмекчи.
Кошумчалай кетсек, компания аталган кенди чалгындоо жана иштетуу укугуна ээ болгондон тарта ушул убакытка чейин жалпысынан 443 780 900 юань( болжол менен 5 269 071 014 сом) инвестиция кылды.